"Улгайган адамдарга көңүл буруу...". Борбор калаада карылар күнүнө арналган бир айлык өтүп жатат
Бишкек шаарында эл аралык карылар күнүнө арналган бир айлык өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир айлык 15-сентябрдан 15-октябрга чейин "Улгайган адамдарга көңүл буруу жана камкордук көрүү!» деген ураан менен өтүүдө.
"Бул мезгилде шаардык саламаттыкты сактоо уюмдары оор турмуштук кырдаалга туш болгон, баш калкалоочу жайларда жана интернаттарда жашаган улгайган адамдарды акысыз терең медициналык кароодон өткөрүшөт. Алар көрсөтмөлөр боюнча кошумча милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча дары-дармектер менен камсыздалышат.
Улгайган курактагы оор абалдагы, баса албаган жана узак мөөнөттөн бери ооруп жаткан бейтаптардын үйүнө барып медициналык кароолорду уюштуруу, стационардык дарылоого муктаж карыларды өз убагында ооруканага жаткырууну камсыздоо уюштурулган.
Ошондой эле улгайган адамдарга мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында стоматологиялык кызмат көрсөтүүлөр жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.


