super.kg logo

Кафе-ресторан жана коомдук жайларда тамеки, кальян чегүүгө тыюу салынды

 

Өлкөдөгү кафе-ресторан жана коомдук жайларда тамеки, кальян чегүүгө мындан ары болбойт. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки, никотин керектөө кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 29-июлда кабыл алынган.

"Документтин максаты - Кыргыз өлкөсүнүн калкынын саламаттыгын тамекини колдонуунун кесепеттеринен коргоо, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөшүү боюнча рамкалык конвенциясын реализациялоо.

Мыйзам тамеки каражаттарынын бардык түрлөрүн, никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларын колдонууга көзөмөл орнотуу жана бардык тамеки каражаттарынын жарнамасына толук тыюу салуу аркылуу, тамекиге жана тамеки каражаттарынын бардык түрлөрүнө каршы күрөшүү боюнча нормаларды жакшыртууга жана чараларды күчөтүүгө багытталат", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
28.09.2021. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Туура мыйзам арак алкоголдук ичимдиктерди ичүүго да тыйуу салыш керек коомдук жайларда
28.09.2021. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы мыйзам колдойбуз.
29.09.2021. 07:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы мыйзам. Эми иштесин, сөз бойдон кала бербей. Ичимдиктерге дагы тыюу салынса жакшы болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: