super.kg logo

Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду Антикоррупциялык кеңештин курамына кирет

 

Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду президенттин алдында түзүлгөн Антикоррупциялык кеңештин курамына байкоочу катары үчүн мүчө болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган фонд Антикоррупциялык кеңешке мүчө болгону менен маселелерди чечүүдө добуш бере албайт же тиешелүү токтомдорго кол коё албайт.

Фонд белгилегендей, бүгүнкү күндө Антикоррупциялык кеңеши - бийлик, жарандык жана бизнес коомчулугунун диалог түзүү үчүн эффективдүү аянтча болуп саналат.

"Кыргыз Республикасынын президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңешти түзүүнүн негизги максаты коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу. Ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет", - деп белгиленет маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: