Кыргыз Республикасында катталган өлүмдүн 52 пайыздан ашыгы жүрөк-кан тамыр ооруларына туура келет

"Дүйнө жүзүндө жыл сайын 17 миллиондон ашык адам жүрөк ооруларынан көз жумат. Кыргыз Республикасында катталган өлүмдүн 52 пайыздан ашыгы жүрөк-кан тамыр ооруларынан болот", - деп билдирди саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары брифинг учурунда.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жашоо образын өзгөртүү аркылуу өлүмдү олуттуу түрдө азайтууга болот. Калкка кан басымынын көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөө, холестериндин жана глюкозанын деңгээлин билүү, туура тамактануу принциптерин сактоо, тузу аз диетаны кармоо, тамекини таштоо, тамеки түтүнү бар бөлмөдөн алыс болуу, иштөө жана эс алуу режимин нормалдаштыруу, физикалык активдүүлүктү көбөйтүү, ашыкча салмактан арылуу, стресстик жагдайларга каршы турууну үйрөнүү жана дарыгердин сунуштарын так аткаруу сунушталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.