"Эч ким кызматты тапшыр деген жок, моралдык укугум жок деп ойлоп жатам". Нарын шаарынын мэри кызматтан кетүү арызын жазды
Алдамчылык фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалган Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков кызматтан кетүү арызын жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталы байланышка чыкканда билдирди.
"3 күн мурун кызматтан кетүү арызын жазгам. Аз болсо да, 3 ай ичинде болгн күч аракетимди Нарын шаарынын жашоосун ыңгайлуу болушуна жумшадым. 100 күндүк ишим тууралуу отчёт тапшырдым. Тилекке каршы, акыркы жагдайга карата моралдык тараптан кызматымда калуу туура эмес деп ойлойм. Мындан ары дагы Нарын шаарынын өркүндөшүнө колуман келген аракетимди жумшайм деп ишендире кетем.
Мени эч ким кызматты тапшыр деген жок, болгону моралдык укугум жок деп ойлоп жатам. Азыр эми тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми УКМК кармаганы боюнча эгер күнөөм болсо тил каттын негизинде чыгарбайт эле го", - деди Болотбеков.
Белгилей кетсек, 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоо учурунда алдамчылык кылуу фактысы боюнча Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков кармалды. Ал "Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү жана парламенттин экс-депутаты Руслан Чойбеков тарабынан депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражат алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп УКМКдан кабарлашкан.
Андан соң Болотбеков сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулган.


