Бийликти күч менен басып алууга шектелип жаткан Алмаз Сарыбаев абактан жеке менчик ооруканалардын бирине которулду
Бийликти күч менен басып алууга шектелип жаткан Алмаз Сарыбаев абактан жеке менчик ооруканалардын бирине которулду. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, ал качан которулганын басма сөз кызматы айткан жок.
Белгилей кетсек, "Толубай" коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев бийликти күч менен басып алууга аракет кылганга шектелип кармалган. 16-сентябрда шаардын Биринчи Май райондук соту шектүүнү эки айга камакка алган. 14 күндүк карантинден өткөндөн кийин, ал Бишкек шаарындагы №1 тергөө изоляторуна которулушу күтүлүп жаткан.
Сарыбаев кылмыш ишинин мыйзамсыз козголушуна нааразы болуп, 15-сентябрдан бери ачкачылык жарыялагандыгын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.