super.kg logo

Депутаттар менен жолугушууда ыйлап жиберген Дүрдананын учурдагы абалы

 

Депутаттардын алдында сүйлөп жатып ыйлап жиберген Дүрдана Салыкова эсиңизде болсо керек. Ал эл өкүлдөрүнүн алдында “мектептеги укол сайган медайым окуучулардан акча алат” деп орчундуу маселени көтөрүп, сөз баштаганда депутаттар кыздын таамай сүйлөгөнүнө күлүп жиберишкен эле.

Күлкү чыкканда тык токтогон Дүрдана аларды шылдыңдап жатат деп ойлоп, ыйлап, сөзүн андан ары улай албай калган. Бул күнү депутаттар окуучулар менен Балдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата жолугушкан болчу.

Бул видео социалдык тармактарга шамалдай ылдамдык менен тарап, кыз интернет жылдызына айланган.

Дүрдана Салыкованын абалын сурап байланышып көрдүк. Анткени жыл башында Дүрдананын денесине без чыгып, анализдери чыкпай жатканын апасы айтып келген.

"Дүрдананын абалы жакшы. Денеме чыккан бездер ооруп калат деп калчу. Азыр айтпай калды.

Кызымды ооруканаларга көп көрсөттүм. Онкологиялык оорулар жок дешти. Аягында бездер эмнеден улам чыкканы боюнча диагнозу деле чыкпай калды.

Тигүүчү болуп үйдө иштеп жатам. Учурда кымбатчылык болуп жаткандыктан, бир аз кыйынчылыктар болууда. Өзүбүз батирде 4 жарым миң сом төлөп турабыз. Күйөөм деле балдарга алимент төлөбөйт", - деди Муслима Жунусова.

Ошол эле учурда Дүрдана менен дагы байланышып, абалын сураганыбызда ал президент Садыр Жапаров менен жолуккусу келгенин айтып өттү.

"Учурда №87 мектепте 7-класста окуп жатам. Сабагым түштө башталат, ага чейин апама жардам берип, үй жумуштарын аткарам.

Сабактарым жакшы. Орус жана англис тил сабактарынан кыйналып жатам. Алгебра китебим жок. Президент Садыр Жапаров менен жолуксам, ага бере турган суроолорум бар болчу", - деди Дүрдана.

Бирок президентке кандай суроолору бар экендигин бизге ачыктаган жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
29.09.2021. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Азамат ооруба. Жакшы окуу
29.09.2021. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Президенттен жардам эле керек ошол.
29.09.2021. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Dembele84,президентти ошол жардам бериш учун президент.Даканса деп артынан журуп,пахта койуш учун президент эмес.Президент мамлекетибиздин ар бир жарааны учун жоопту.
29.09.2021. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул озбек кыз беле?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: