Парламенттик шайлоо айрым жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо менен чогуу өтөт. Президент жарлыкка кол койду
Өлкө башчы Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыгына кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
Жарлыкка ылайык, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешине, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешине, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешине, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоону 2021-жылдын 28-ноябрына дайындоого токтом кылынат.
Ал эми БШКга алардын жүрүшүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
Мындан сырткары министрлер кабинетине, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына тийиштүү тапшырмалар берилген.


