super.kg logo

Бишкекте академик Кусеин Карасаевдин эстелиги ачылды

 

Бүгүн, 29-сентябрда борбордогу Бишкек мамлекеттик университетинде чыгаан илимпоз, академик Кусеин Карасаевдин эстелигинин ачылышы болду. Бул туурасында президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашат.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, БМУнун эмгек жамааты жана студенттер катышты. Салтанаттын катышуучулары академиктин эстелигине гүл коюшту.

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев өз сөзүндө он жыл мурун Садыр Жапаров Кусеин Карасаевге эстелик орнотуу зарылдыгын белгилегенин жана бүгүн президенттин жеке демилгесинин аркасында эстеликтин ачылышы болгонун өзгөчө белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: