super.kg logo

Төлөгөн Касымбековдун уулу: "Биз үйдө ар дайым конок келет деп даярданып отурчубуз"

 

Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу, калктын калың катмарына белгилүү "Сынган кылыч", "Кел-Кел" романдарынын автору Төлөгөн Касымбековго быйыл 90 жыл, ал эми каза болгонуна 10 жыл толуп отурат.

SUPER.KG порталы залкардын уулу Расул Касымбеков менен маек куруп, залкардын өмүр жолу, адамдык сапаттары тууралуу кеп салган.

"Атам өтө жөнөкөй киши болгон. Бизди тарбиялап, "мындай жүр, бул кесипке тапшыр" деген сөздөрдү уккан эмес элек. Кээде чаарбаштык (ээн баштык) кылсак дагы бизди эмнеге урушпайт, тартипке салбайт десек, абдан эле кечиримдүү болгон экен. Атамдын тарбиясы анын бизге кылган мамилеси, жүрүм-туруму, башкаларга кылган мамилеси окшойт.

Эс тартып калгандан кийин атабыздын куугунтук убагын дагы көрүп калдык. Биз ошол нерселерди физикалык жактан көрүп отурдук. Атама ошондо кандай кыйын болгонун эми сезип жатабыз.

"Кел-Кел" романы басууга кетип, ошол учурда келишим бар болчу. Анда алгач 30 пайыз гонарарын берип койчу эле. Акча алынгандан кийин 10 жылдап китеп басылбай калып жатпайбы. 5-6 жылдан кийин ошол акчаларды кайтарасыңар деп бизге коюшту. Үйүбүзгө чейин текшерип келип жүрүштү. Анда мектепте окучумун. Ошондо орус жана корей улутундагы 3-4 аял жана башка дагы кишилер келип, биздин жашообузду көрүп уялышкан. Анткени биз деле эл катары жашачубуз.

Биз үйдө ар дайым конок келет деп даярданып отурчубуз. Конок катары күтчү эмес элек. Сөзсүз келе турган кишилерди күтүп, кабыл алууга дагы даярданып отурчубуз.

Атам айткандай, адам өмүрү чилдин (канаттуунун бир түрү) бир кичинекей эле кадамы окшойт. Ар бир чыгармачыл адамда дагы артында жаза турган эмгектери калат окшойт. Атабыздын "Токтогулдун арманы" аттуу акыркы кол жазмасы колубузда турат.

Атамдын көзү өткөнүнө 10 жыл болду. Бул аралыкта кандай иш-чаралар кылынганына салыштырмалуу жасала электери көп.

Атамдын балдарына батасы деп жаштарга арналган чыгармасы "Адам болгум келет" повести деп билебиз. Анда адам болуу керек, адам болгула деп айтылган", - деп билдирди Расул Касымбеков.

Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.09.2021. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото курч жазылган роман.Кайра кайра кайталагандан тажабаймын го.Биздин убакта Кыргызстан тарыхын ушул китептерден билчубуз да.
Жайы жайлуу болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: