super.kg logo

Өкмөт үйүнүн алдында наристесин көтөргөн жаран нааразычылык билдирип чыкты

 

Өкмөт үйүнүн алдында наристесин колуна көтөрүп алган жаран нааразычылык билдирип чыкты.

"Урматтуу президент Садыр Жапаров, сизге жалгыз менин эле эмес, өлкөдөгү башкалардын дагы көйгөйүн айтайын деп чыктым. Менин кызым ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип төрөлгөн. Эми ушуну коронавирус болушу мүмкүн дешет. Дарыгерге барсак хирургияга баргыла дейт. Аларга барсак кабыл албайт. Рентгенге кайталап тарталы десек алар тартпайт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин кабылдамасында болдум. Анын себеби Жалга (Эне жана баланы коргоо борбору) барабыз, түшкө чейин эле талон түгөнүп калат. Ансыз кабыл алышпайт. Ушинтип кызым төрөлгөндөн бери көйгөйдө жүрөбүз. Азыр Жогорку Кеңештин бир депутаты чыгып, азыр кабыл алат деп койду. Мен ушинтип келгеним үчүн кабыл алса, башкалар кантет? Кимдин акчасы, таанышы болсо кезексиз эле кирип дарыланып жатат", - деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: