super.kg logo

Легендарлуу боксчу Мени Пакьяо карьерасын жыйынтыктады

 

Профессионалдуу бокс боюнча Дүйнөнүн мурдагы чемпиону Мени Пакьяо спорттогу карьерасын жыйынтыктап жатканын жарыялады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү филиппиндик бокс жылдызы өз билдирүүсүндө бардык күйөрмандарына ыраазычылык билдирип, бокс менен коштошуу жашоосундагы эң оор чечим болгонун айткан.

"Бардык күйөрмандарыма жана бул улуу спорт түрүнө ыраазымын. Мыкты көз ирмемдер үчүн рахмат. Бул нерсе мен кабыл алган эң оор чечим болду. Кыялдарыңардын артынан чуркагыла, талыкпай иштегиле жана жыйынтыгын күткүлө. Кош бол, бокс", - деп жазып калтырган ал.

Белгилей кетсек, Мени Пакьяо бокс боюнча 8 салмак категориясындагы Дүйнөнүн чемпиону. Ал карьерасын 1995-жылы баштаган. Легендарлуу мушкер профессионалдуу бокста жалпы 71 беттеш өткөрүп, 62 жолу жеңишке жетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: