super.kg logo

"Суу камдап алыңыз". Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу берилбейт

 

Эртең, 30-сентябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин борбордун айрым райондорунда ичүүчү суу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тоголок Молдо суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу өчүрүлөт. Алар:

Панфилов, Фрунзе, Манас көчөлөрү менен чектешкен аймактагы турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана тиричилик объекттеринде суу болбойт.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан ичүүчү сууну камдап алууну суранат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: