super.kg logo

Европада газдын баасы тарыхый максимумду кайталап, 1 куб метри үчүн 87 сомдон жогорулады

 

"Европада газдын баасы кайрадан тарыхый максимумду кайталады" деп жазат РБК сайты. Нидерландыдагы TTF хабында октябрь айындагы отунга болгон фьючерстин баасы 1 миң доллардан жогорулап, 1 миң куб метр газдын баасы 1030 долларды түздү (же Улуттук банкынын азыркы курсу менен алганда 87 миң 300 сомду түзөт).

"Газга болгон биржалык баалардын баасы жай мезгилинин аягынан тартып рекорддорду коё баштаган. 30-августта 1 миң куб метр газ үчүн болгон баа 600 долларды түзсө, 9-сентябрда 700 долларды, 14-сентябрда 800 долларды, ал эми 15-сентябрда газга болгон баа 970 долларга жакындаган. Жыл башынан бери баалар орточо 4 жолу жогорулаган.

Салыштыра келсек, Кыргыз жергесинде 2021-жылдын сентябрь айында "Газпром Кыргызстан" компаниясы тарабынан калк үчүн 1000 куб метри 18 миң 46 сом 19 тыйын деп бекитилсе (1 куб метри үчүн 18 сом 4 тыйын), өндүрүш ишканалары, коммерциялык жана бюджеттик уюмдар үчүн бардык салыкты эске алганда 1000 метр куб үчүн 21 миң 776 сом 44 тыйын (1 куб метри үчүн 21 сом 7 тыйын) деп бекитилген.

Баалардын көтөрүлүшүнүн негизги себептеринин бири катары Европадагы газ сактоочу жайлардагы запастардын түгөнүүсүнө алып келген 2020-жылдагы катаал кыш жана жайындагы ысык аба ырайы. Ошону менен бирге бааларга дагы сентябрь айына Украина аркылуу өткөн газ транзити үчүн кошумча кубаттуулукту сактоо аукционунун жыйынтыгы таасирин тийгизген. Ал жерге суткасына 15 миллион куб метрге чейинки кубаттуулук берилген, бирок "Газпром" 0,65 миллион куб метр гана же башкача айтканда 4,3% көлөмүн гана сатып алган. 20-сентябрдагы аукциондо компания тарабынан октябрь айына кошумча кубаттуулук алдын ала алынган эмес", - деп жазат басылма.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: