super.kg logo

Бишкек мамлекеттик университетине Кусеин Карасаевдин эстелиги коюлду

 
Бишкек мамлекеттик университетине Кусеин Карасаевдин эстелиги коюлду. Бул тууралуу Маданият маалымат министрлигинен билдиришти.
Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек мамлекеттик университетинде кыргыз совет тилчиси, улуттук туңгуч лексикограф жана лексиколог, филология илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери Кусеин Карасаевдин эстелиги коюлду.
Ачылыш салтанатка Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов, Кусеин Карасаевдин туугандары, коомдук-маданий ишмерлер, окутуучулар жана аталган окуу жайдын студенттери катышты.
Кайрат Иманалиев эстеликтин ачылышында Кусеин Карасаевдин басып өткөн жолу, илимдин өнүгүшүнө кошкон опол тоодой салымын айтып, илимге жана билимге өмүрүн арнаган инсандын жалпы журт жана келечек муун үчүн жасап кеткен эмгектерине токтолду.
Кусеин Карасаев ишин сүйгөн, баштаган ишин аягына чейин жасагандыгын, берилип жасаган ар бир эмгектин артында уйкусуз түндөр менен мекенге болгон сүйүүсү, ишине болгон жоопкерчилиги абдан жогору тургандыгын белгилеп, ал гана эмес көзү көрбөй калган учурда да өзү текстти айтып берип, жубайы Айша апа машинкага басып кагаз бетине түшүргөндүгү тууралуу айтып эскерди.
Кусеин Карасаевдин эстелигин белгилүү скульптор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Базарбек Сыдыков жасаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: