Абылгазиев, Турганбаев... Спорт сарайында балбандарга күйөрмандык кылып отурган экс-жетекчилердин сүрөтү тарады

Бүгүн, 29-сентябрда Кожомкул атындагы спорт сарайында кыргыз күрөш боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу өлкөнүн Кыргыз күрөш федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына болгон даярдыктын алкагында өткөрүлүп жаткан турнирге Казакстан, Өзбекстан, Иран, Орусия жана Кыргыз өлкөсүнүн балбандары катышты.
Аталган мелдештин финалдык бөлүгүн көрүү үчүн президенттик аппараттын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, президенттик аппараттын иш башкармалыгынын башчысы Бактыбек Кудайбергенов, спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Канат Шабданбаев, вице-мэр Виктория Мозгачева, оор атлетчи Каныбек Осмоналиев жана башка Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары келишкен.
Ошондой эле социалдык тармактарда тараган сүрөттөрдөн көрүүчүлөрдүн катарында мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев жана Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин экс-жетекчиси Мелис Турганбаевди да көрүүгө болот.






1 |