super.kg logo

Айыл жерлеринде шаардык конуштарга караганда канализация менен камсыздалышы 8,8 эсе төмөн (статистика)

 

2021-жылдын башында турак жай фондусунун жалпы аянты 2016-жылга салыштырмалуу 7 пайызга, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу - 1,5 пайызга көбөйүү менен 86 миллион чарчы метрди түздү. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында көрсөтүлөт.

Статистикага ылайык, анын жалпы аянтында айылдык турак жай фондунун үлүшүнүн өсүшү белгиленди, ал 2016-жылга салыштырмалуу 6,7 пайызга, ал эми шаардык турак жай фондунун үлүшү - 7,6 пайызга өскөн.

2020-жылы жалпы республика боюнча бир кишиге алганда эсептөөдө турак жай менен камсыздуулук 2016-жылдын деңгээлинде сакталды. Муну менен бирге ушул мезгилдин ичинде шаардык конуштарда ал 14,3 чарчы метрден 14,0 чарчы метрге чейин төмөндөгөн, ал эми айыл жергесинде 2016-жылдын деңгээлинде сакталды.

Шаар конуштарында жана айыл жергесинде бакубат шарттардын негизги түрлөрү менен болгон камсыздуулукту карап чыгууда көрсөткүчтөрдө кыйла айырмачылыкты белгилөөгө болот. 2020-жылы шаардык конуштарда турак жай фондусунун суу менен камсыздалышы айыл жериндеги көрсөткүчтөн 4,5 эсеге ашты. Шаардын турак жай фондусунун 43 пайыздан ашыгы тармактык, ошондой эле суюлтулган газ менен да камсыздалды. Ал эми айыл жергесинде – болгону 13 пайызга камсыздалды.

Айыл жерлеринде шаардык конуштарга караганда канализация менен камсыздалышы 8,8 эсе төмөн. Ошол эле учурда айыл жерлериндеги турак жай фондусунун 7 пайыздан көбү сууну чыгарып кетирүү менен жабдылган.

"Ысык суу, ванна (душ) жана борбордук жылытуу менен негизинен шаар жерлеринде жайгашкан батирлер жана үйлөр жабдылган. Айыл жергелеринде мындай ыңгайлуу шарттар менен камсыз кылуунун деңгээли өтө төмөн. Эгерде шаарларда турак жай фондусунун 34 пайыздан ашыгы борбордук жылытуу менен камсыздалган болсо, айыл жергесинде болгону - 3,1 пайызы камсыздалган. Шаардын турак жай фондусунун 35 пайызга жакынында ванна (душ) бар, ал эми айыл жергесинде болгону - 3,5 пайызында бар. Ысык суу менен негизинен шаарлардын жашоочулары камсыздалган. Айыл жергесинде мындай ыңгайлуу шарттардын ушул түрүнүн үлүшү өтө эле аз (1,7 пайыз)", - деп жазылат маалыматта.

Үй чарбаларын интегралдык тандалма изилдөөлөрдүн маалыматтарына ылайык, негизинен шаардын калкы (67,8 пайыз) борборлоштурулган суу түтүктөрүн колдонушат. Ал эми айыл тургундары (69,5 пайыз) суу түтүк колонкаларын колдонушат. Калктын 6 пайызга жакыны ичүүчү суунун коопсуз булактарына жетишкен эмес, анткени алар ичүүчү сууну ден соолугу үчүн коркунуч жаратуучу ачык суу сактагычтардан (булактардан жана арыктардан) алып колдонушат.

Шаар конуштарындагы үй чарбалардын көпчүлүк үлүшү таштандылардан контейнерлерди колдонуу аркылуу (83,3 пайыз) жана таштанды үймөктөрүнө таштоо (14,3 пайыз) аркылуу арылышкан. Айыл жергесинде үй чарбалардын 39,3 пайызы таштандыны өрттөшкөн, ал эми 22,6 пайызы таштанды үймөктөрүнө ыргытышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: