super.kg logo

"Механик танк айдай албайт". Шавкат Мирзийоев коргоо министрин эмнеге кызматтан алганын айтты

 

Коңшу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев андижандык шайлоочулар менен болгон жолугушууда коргоо министри Кабул Бердиевдин 2017-жылы кызматтан алынышынын себебин ачыктады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

"Мен президент болгон жылы эле аскер бөлүгүнө барып, аскерлер менен сүйлөштүм. Эреже катары, аскерлер парашют менен машыгууну тез-тез өткөрүп турууга милдеттүү. Бирок мен жоокерден “өткөн жылы канча жолу парашют менен секирдиң?” деп сурасам, ал мага мындай деп жооп берди: “Жолдош башкы командачы, мен эч качан секирген эмесмин, анткени парашют жок. Бул уят", - деген президент.

Президент ошондой эле аскердик бөлүктө танкты башкарууну билбеген механикти көргөнүн айтты.

"Андан кийин мен коргоо министри Кабул Бердиевди кызматтан кетирдим", - деп кошумчалаган Мирзийоев.

Шавкат Мирзийоевдин айтымында, андан кийин Өзбекстан быйыл АРМИ-2021 мелдешинде 42 өлкөнүн армиясынын арасында 2-орунду ээлеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
30.09.2021. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озбектерде бийликке акмак келе элек. Ото акылдуу жана куу. Каримов да, Мирзиеев да. Мирзиеев Каримовдун кол астында коптогон жылдар иштеп, анын тарбиясын алып чыккан бири.....

Биздин президенттер алардын жанында мадыра баштар да, коефетти кака деп жургон. Акаевден Жапаровко чейин алтоонун бири да акылдуу чыккан жок. Жана эч бири Озбекистан менен тен ата суйлошо да алган эмес.

Путин, Каримов, Назарбаев, Алиев, Мирзиеев булар акылдуу экен. Амалкой экен. А биздечи.......
30.09.2021. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Antiradikal3,
30.09.2021. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Antiradikal3,э мадыра баш элине жараша ажосу деген. Сен менен мен демократиянын негизги принциптерин түшүнбөй, президентке чейин шылдыңдап кетирип отурабыз. А сен атаган өлкөлөргө барып демократияңды айтчы эмне болосуң. Демократиялуу өлкөбүз деп сен кайсы мыйзамды сыйладың. Камаса Ак үйдүн алдына чыгасың, өлтүрүп койсо Ак үйдүн алдына чыгасың. Чоңураак чычып койсоң да чыгасың. Өнүгүү болобу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: