Чемпиондор Лигасы: Роналдунун рекорду жана чечүүчү голу, "Барселонанын" тайпадагы абалы
Бүгүн, 30-сентябрга караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычтагы кезектеги оюндары болуп өттү.
"Н" тайпасы: Орусиянын "Зенит" командасы өз үйүндө швециялык "Мальмёну" жеңди. Оюн 4:0 эсебинде аяктады. Бул жеңиш Санкт-Петербург командасынын тарыхындагы Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычындагы эң чоң жеңиши болду.
Ушул эле тайпанын паралелдүү оюнунда "Челси" "Ювентуска" 0:1 эсебинде утулуп калды. Жалгыз голду 46-мүнөттөгү Федерико Кьеза киргизди.
"Е" тайпасы: "Барселона" клубу "Бенфикага" ири эсепте утулду. Лиссабондо өткөн оюн 3:0 эсеби менен аяктады. Дарбазага киргизилген голдордун авторлору Дарвин Нунез (3, 79-мүнөттө) жана Рафа Силва (69-мүнөттө). Муну менен "Барселона" Чемпиондор Лигасында катары менен экинчи ири жеңилүүсүн тартышты: 14-сентябрда каталондук команда өз үйүндө "Баварияга" 0:3 эсебинде утулган.
Ушул эле тайпанын башка оюнунда "Бавария" киевдик "Динамо" командасын 5:0 эсебинде утуп, тайпада биринчи орунга чыкты.
"F" тайпасы: "Манчестер Юнайтед" өз талаасында "Вильярреалды" жеңип алды. Оюн 2:1 эсеби менен талаа ээлеринин жеңиши менен аяктады. Беттеште голдорду Алекс Теллес (60-мүнөттө) жана Криштиану Роналду (90 +5-мүнөттө) жана коноктордон Пако Алькасер (53-мүнөттө) киргизди. Роналду бул оюнда Чемпиондор Лигасындагы эң көп оюн өткөргөн, тагыраагы 178-оюнун өткөрүп, рекорд жаңыртты.
Ушул эле тайпанын дагы бир оюнунда "Аталанта" швейцариялык "Янг Бойзду" жеңди. Беттештеги жалгыз голду 68-мүнөттө Маттео Пессина киргизди.
"G" тайпасы: "Зальцбург" командасы өз үйүндө "Лилль" командасын 2:1 эсебинде утту. Австриялык клубдан 2 голду тең Карим Адееми пенальтиден киргизди. Ал эми каршылаштарынан оюндун 62-мүнөтүндө Бурак Йылмаз гол жаратты.
Ушул эле тайпанын дагы бир беттешинде "Вольфсбург" өз үйүндө "Севилья" менен 1:1 эсебинде тең чыкты.






1 |