super.kg logo

"Бул эки курбу кыздардын сөзү". Клара Сооронкулова аудиодогу Рита Карасартова менен талкуу чындап эле болгонун тастыктады

 

Социалдык тармакта "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова менен партиянын мүчөсү Рита Карасартованын шайлоого катышпоо боюнча сүйлөшкөн аудиосу тараган.

Бул боюнча Клара Сооронкулова SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Адам баласы сүйлөшпөй коймок беле. Албетте, сүйлөшөбүз да. Тегеректе болуп жаткан көйгөй тууралуу сүйлөшөсүң. Бизди аңдып жатыптыр деп сүйлөшпөй коё албайбыз. Биз эмне кылмыш жөнүндө сүйлөшүп жатыптырбызбы? Оппозициялык партияларга тизме түзүү оңой эмес. Бул расмий сүйлөшүү дагы эмес, Рита Карасартова экөөбүз партиянын ичинде болуп жаткан маселелерди талкуулаганбыз. Бул эки курбу кыздардын сөзү. УКМК же ИИМ биздин Телеграмдагы аккаунтту бузушуп, сүйлөшкөнүбүздү угушуптур", - дейт Сооронкулова.

Ошону менен катар эле бул сүйлөшүүлөр мурда болгонун белгилеп, шайлоого катыша турганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: