Өлкөдө эртеңден баштап пенсия көбөйтүлөт. Ага канча сом кошулду?

Бүгүн, 30-сентябрда 1-октябрда пенсиянын көбөйтүлүшү жана Социалдык фонддун 8 айынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өтүүдө. Ага Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов катышууда.
Жыйында пенсиянын канча сомго көбөйтүлгөнү боюнча маалыматтар айтылды.
"1-октябрдан тарта "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамга ылайык, дайындалган пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү көбөйтүлдү.
Жалпы өлчөмү 4785 сом 4 тыйындан ашпаган пенсиялар үчүн 200 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4785 сом 4 тыйынды түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 500 сомдон кем эмес индексацияланды.
Пенсияларды кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча, орточо 455 сомго жогорулады, бул ар бир пенсионердин пенсиясынын өлчөмүнө жараша болот.
Пенсияларды көбөйтүү боюнча 984 миллион 900 миң сом кошумча каражат керектелет", - деп билдирди Орозалиев.
кошулду



Кечиресиз, + басмакмын - басылып калды.Туура айтасыз, кошулам созунузго.
Бул бийлик да шайлоо астында элдин бар экенин эстеген корунот........
Чекеден сабатсыз, чекеден жалаа жабууга уста арсыз, намыссызсынар. Мамлекетти садага чаап жаткан бизби же сен колдогон бийликпи, суу сактагычтарды, жерди, сууну, кенди башкаларга берип, сатып жаткан
Тынчтык? Кыргызстанда 30 жылдан бери тынч эле. Ага чейин да тынч болчу. Как будто Жапаров келип согуш токтоп эл тынч жашап калгансып жазыпсын..... Тобого ура турган бийлик келсе кочукко тебилип куула турган да кун бар ал бийликке.....