Депутат министрлер кабинети күз-кыш мезгилине даярдыктар, баалардын жогорулашы боюнча маалымат бериши керектигин айтты
Депутат Осмонбек Турдумамбетов министрлер кабинети күз-кыш мезгилине даярдыктар, баалардын жогорулашы боюнча маалымат бериши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Элди ойлондурган маселелердин бири бул кышка даярдык. Электр энергия менен камсыздоо кандай болот? Электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлөбү? ЖЭБде көмүр менен камсыз болуу кандай? Ушул маселелер боюнча министрлер кабинети маалымат бериши керек. Азык-түлүккө болгон баа асман чапчып кетти го. Күйүүчү майдын баасы дагы жогору. Депутаттарга, элге ачык маалымат берип койсо жакшы болмок", - дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.