super.kg logo

Айдоочу эне-баланы коляскасы менен кичи автобуска салбай койгон окуя. Айдоочу иштен алынып, айып салынды

 

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарында №203 маршруттук таксинин айдоочусу эне-баланы коляскасы менен кичи автобуска салбай, күч колдонуп чыгарып салган. Аталган айдоочу иштен алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бул видео чыгаар замат Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, Арча-Бешик-Дордой каттамындагы №203 маршруттук таксинин айдоочусун аныкташкан.

Айдоочусу 1984-жылы туулган М.Б. экендиги аныкталып, ал төмөндөгү түшүндүрмөнү берген:

"Бир жыл мурун да ушундай окуя болуп, анын кесепетинен кичи автобустун ичиндеги адамдар жабыркап, алардын чыгымын төлөгөм, ошол себептүү колясканы салонго салган эмесмин. Бул үчүн жалпы коомчулуктан кечирим сурайм", - деп билдирген.

Азыркы учурда бул айдоочу каттамдан четтетилип, жумуштан алынды. Андан аркы жоопкерчилигин кароо боюнча Ленин РИИБинин тергөө бөлүмүнө жеткирилди.

Кошумчалай кетсек, №203 маршруттук каттамдын бригадасын текшерүүгө алып, техникалык бузуулары үчүн 2 протокол түзүлүп, 10 миң сом айып салынды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
30.09.2021. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Видеону коруп журогум титиреди, ыйлагым келди,кичинекейдин журогу тушуп калды, акмак экен айдоочу, акмак, акмак, акмак ,,,соз жок
30.09.2021. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ozgocho111, энеси да акмак. Баланы ойлобой тытышып жүрөт.
30.09.2021. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Камалсын сабак болот башкаларга
01.10.2021. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир тараптуу жамандаган туура эмес, коляска менен неге чыгат, ал жүргүнчү ташыйт коляскасын эмес, өзү аз келгенсип колясканы салса ичиндеги кишилер жакшы көрүшөбү?
01.10.2021. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоондо тен куноо бар.Коляска менен башка жургунчулорго ынгайсыздык жаратат.Жаш баланын козунчо урушпай эле коюшса болмок.
01.10.2021. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Автобустарды коюш керек,арка жагында коляска кое турган место Екатеринбургда бир остановкага да автобуска чыга коесун коляска менен.Маршрутка тыгын, рахмат Бишкекте пресс болуп маршрутта жургондорго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: