super.kg logo

"21 жылдан бери эч кандай көңүл бурулган жок". Баткен окуясынын катышуучулары митингге чыгышты

 

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында Баткен окуясынын ардагерлеринин катышуусунда тынчтык митинги болуп өттү.

Анда Баткен окуясынын ардагерлеринин льготалык статусун мыйзамдын негизинде кайтарып берүү жана социалдык жеңилдиктерди карап берүүнү суранышты.

"Биз бүгүн Баткен согушунун ардагерлери жети дубандан чогулуп, өкмөт башчыга өзүбүздүн кайрылуубузду айтып келдик. Баткен согушунан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге акча каражаттарды бөлүп берүүсүн суранабыз. 21 жылдан бери эч кандай көңүл бурулган жок", - дейт Балыкчы шаарынын Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Кубат Исаев.

Ошондой эле ардагерлер президенттин аппарат жетекчилиги тараптан жооп болгондугун, 20-октябрга чейин бул маселелерди чечип берерин билдиргенин айтышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: