"Акыл-эстүү киши кечки саат 22:00гө чейин эле сейилдеши керек" дейт "Улуттук энергетикалык холдингдин" төрагасы
Кечээ, 29-сентябрда "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасы өлкөдө сейил бактардын, кафе, ресторандардын көчөлөрдүн жана жарнактардын чырактары өчүрүлөрүн кабарлады. Мындай маалымат коомдо кызуу талкууга алынып, ар кандай пикирлер айтылууда.
Ал эми "Улуттук энергетикалык холдингдин" ишканасынын төрагасы Таалайбек Байгазиев "Биринчи радиого" берген маегинде энергетика тармагындагы көйгөйдүн алдын алуу үчүн ушул кадамдар жасалып жатканын айтып өткөн.
"Күндүз деле жарык чырактары күйгөн убактар көп болуп жатат. Кыргыз өлкөсү боюнча 1 жарым миллион колдонуучу бар.
Энергетиканын көйгөйү бул биздин жалпы журттун көйгөйү. Бирок муну көйгөйгө чейин жеткирбешибиз керек. Үнөмдөп пайдаланышыбыз зарыл.
Күндүз кафелер той башталганга чейин эле саат 17:00дө жанынан өтүп бара жатсаң жарык чырактары күйүп жаткан болот. Ал эми сейил бакта таң атканга чейин күйгүзүп эмне кереги бар? Акыл-эстүү киши саат 22:00гө чейин эле сейилдеши керек. Андан соң ашыкча жарыкты күйгүзүп эмне зарылчылыгы бар? Саат 23:00дөн кийин өчүрүп коюу зарыл", - деп билдирген Байгазиев





1 |