super.kg logo

Садыр Жапаровдун үй-бүлөсү Бишкектеги өз үйүн "Мамлекеттик ипотекалык компаниясына" өткөрүп берди

 
Бүгүн, 30-сентябрда президент Садыр Жапаровдун үй-бүлөсү мурда өздөрү жашаган Бишкек шаарындагы үйүн кайтарымсыз негизде "Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын" балансына өткөрүп берди. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Садыр Жапаров өткөрүлүп жаткан турак жайдын документтерин жеке өзү тапшырып жана аталган компаниянын төрайымы Аида Төлөгөновага аталган кыймылсыз мүлктү көрсөтүп берди.
Президенттин айтымында, бул үйдү үй-бүлөсү менен 2005-жылы эле сатып алышкан. Кийинчерээк, 2010-жылдары башка жакка көчүп кетишип, үй ошол убактан бери бала бакча катары иштеп келген.
Мамлекет башчысы бүгүнкү иш-чаранын максаты – жеке турак жай рыногун жакшыртуу, муну менен "Мамлекеттик ипотекалык компаниясына" "Менин үйүм 2021-2026" мамлекеттик программасынын алкагында муктаждарды турак жай менен камсыздоосуна жардам берүү.
Садыр Жапаров жаңы ипотекалык программа ишке киргенин, анын аркасында бюджеттик тармактын кызматкерлерине даяр турак жайды сатып алууга насыя жылына 4 пайыз чен менен берилерин эске салды.
Мындан сырткары, башка категориядагы жарандарда дагы бул программа боюнча, буга чейин талап кылынгандай сатып алып аткан кыймылсыз мүлктүн негизги суммасынын 30 пайызы баштапкы төлөмүн төлөбөстөн даяр турак жай сатып алууга мүмкүнчүлүк бар.
Учурда "Мамлекеттик ипотекалык компаниясы" банктар аркылуу иш алып барарын эске алганда, программа катышуучусу сатып алып жаткан кыймылсыз мүлктүн наркынын 10 пайыздан кем эмесин төлөшү керек деген шарт бар. Келечекте баштапкы төлөмү жок жана ижарага алган турак жайды кийинчерээк сатып алууну караган механизмдер киргизилет. Программаны ишке ашырууну каржылоо жана акыркы пайыздык ченин төмөндөтүү максатында, Мамлекеттик ипотекалык компанияны 5 миллиард сомдон ашуун суммага капиталдаштыруу жүрдү.
«Муну менен биз колунда бар, мүмкүнчүлүгү болгон кыргыз элин колдоого чындап муктаж болгондорго жардам берүүгө чакыргыбыз келди. Көп адамдар үй сатып алуу үчүн чет өлкөгө иштегени кетип жатканы баарына маалым. Ошондуктан, шарттарды жеңилдетип, бардык жарандар үчүн иштеген ишине карабастан жеткиликтүү кылуу максатында ипотекалык насыя берүү программасын өзгөртүү чечими кабыл алынды», - деп белгиледи Садыр Жапаров.
Президент "Мамлекеттик ипотекалык компаниясы" бул турак үйдү аукционго койсо, анда бул акчага жеңилдетилген ипотекалык насыялоо программасынын алкагында 10 үй-бүлөнү батир менен камсыз кылууга мүмкүн болорун айтты.
Мындан сырткары, мамлекет башчысы жарандардан келип түшкөн акчалай же кыймылсыз мүлк түрүндөгү бардык жардамдар мамлекеттин көзөмөлүндө экенине жана бул маселе максималдуу ачык-айкын болоруна токтолду. Ошондой эле коррупция үчүн соттолгондордон конфискацияланган кыймылсыз мүлк-турак жайлар да "Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын" балансына которулат.
Өз кезегинде Аида Төлөгөнова ипотекалык программага көрсөткөн колдоосу үчүн Садыр Жапаровдун үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирди.
Маалымат үчүн: "Менин үйүм 2021-2026" мамлекеттик турак жай программасы 2021-жылдын 16-сентябрында ишке кирген. Жаңы турак жай программасына катышкан жарандар төмөнкү багыттар боюнча ипотекага ээ боло алышат:
- "Жеңилдетилген ипотека" - 4 пайыз (мамлекеттик жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине);
- "Жеткиликтүү ипотека" 8 пайыз (жарандардын башка категориялары үчүн).





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(11)
30.09.2021. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым ыраазы болсун, ишиңизге ийгилик Садыр Нуркожоевич.
30.09.2021. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кытайдан жаңы үй алат бекен?
30.09.2021. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бергендин алмайы бар.
30.09.2021. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул ипотека мамлекеттик жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине 4 пайыз(жарандардын башка категориялары үчүн 8 пайыз)шоруң куркур ай мигранттар үчүн кымбат
01.10.2021. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Alishdaman,Россияда мындан да кымбат.Азга шүгүр кылбаган адамдар экенбиз да.
30.09.2021. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
4кабат жаңы үй алса керек да
30.09.2021. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эл душмандарынын ичтери куйуп жазып аткандагы кербездери )))
01.10.2021. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн башкысы ипатекалык программаны жетектеген эженин бала чакасы кудагыйы окул балдары катар катар жакшы уйлорду арзан алып байып кетбесинда. Мугалим, мед сестраларга да конул бурсун. Врачтарго оозун ачканы деле акча. Санитаркалар алсын. Мектептин полун жуугандар, тазалыкта иштегендерге берсин. Чыныгы мукиаждарга. Анан буту колу соолор 3 балам 5 балам дей бербей хотябы тазалыка ишке чыгып иштегилечи айланайын.
01.10.2021. 05:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми президентибизди аялы кундо кечинде жумуштан келгенде мазгисин кагып жатса керек эмнеге бердин деп.
01.10.2021. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
suban78, президентин бир кундо мындай уйдон 50-100ду сатып алчу акча таап жатат. Туш жактан ошончо коп акча тушуп эсептеп да жетишпей жатышса керек. Элестет, ар бир литр бензинден Жапаровдун чонтогуно 5 сомдон тушкондо эле канча акча болот. Бир кундо канча литр ГСМ куят эл. Эсептеп кор.....

Бакиев уйуно алтын лабораториясын курдурган, ошончо алтын тушуп. Булар Кыргызстанда болбосо да тышта лабораториясы бар чыгаар Ташиев экоонун. Офшордук банктарда алтын слиткалары тонналап.
01.10.2021. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Окшоштуруп эле жаза берет экен да ушул бала,ичин куйсо туз жала ,эле болуп атат..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: