super.kg logo

ИИМдин Башкы штабы кесиптик майрамын белгиледи

 

ИИМдин Башкы штабы кесиптик майрамын белгиледи. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда ИИМдин Башкы штабын Бактыбек Кенжегулов жетектейт. Салтанаттуу иш-чарага ИИМдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков катышып, штаб түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

"Ар бир кызматкер штабдын ишинин маңызын түшүнө бербейт, бирок жасаган ишениңиздер Ички иштер министрлигинин жалпы ишмердүүлүгү үчүн өтө маанилүү. Штабдын аброю ар кайсы муундагы көптөгөн кызматкерлердин эмгеги менен түптөлгөн, аны сыймык менен сактап жана жогорулатышыңыздар керек", - деди Өмүрзаков.

Иш-чаранын жыйынтыгында кызматтык милдеттерин ак ниет менен аткаргандыгы жана жогорку кесиптүүлүгү үчүн мыкты кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: