super.kg logo

Бишкекте дары-дармектердин баасын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр болду

 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун техникалык көмөгү менен Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарындагы фармацевтикалык дүң жана чекене соода уюмдары үчүн тегерек стол өттү. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан маалымдашат.

Иш-чарада дары-дармектердин баасын жөнгө салуу, фармакологиялык көзөмөлдү уюштуруу, дары-дармектерди улуттук электрондук маалымат базасын киргизүү жана "Электрондук жеңилдетилген рецепт" маалымат системасынын иши боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Тегерек стол президенттин администрациясынын, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин, Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө дарылар эң аз дегенде 3 эсе, эң жогору дегенде 10 эсе кымбат сатылып жатканын айтып, фарммафия аныкталганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: