super.kg logo

"Акылдын кенчи болуп жүрө бериңиздер!". Садыр Жапаров Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-октябрда кыргыз элин Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:

"Урматтуу аксакалдуу аталар жана ак элечек апалар!

Кымбаттуу кадырман ардагерлер!

Кылымдардан бери кыргыз калкы карыяларын кастарлап-барктап, аларга татыктуу урмат-сый көрсөтүп келгендигин нускалуу тарыхыбыз таамай айгинелеп турат.
«Карысы бардын ырысы бар», «Карынын кебин капка сал», «Жаш келсе – ишке, кары келсе – ашка» деген сындуу ташка тамга баскандай макал-лакаптар бүгүнкү күнгө чейин таасирин жоготпой, улуу муунду кадырлоонун уңгулуу насыяты катары калкыбыздын аң-сезиминде бекем орноп, так аткарылып келе жатканы буга далил.

Көп жашап, көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган аталар менен апалардын акыл-насааты, көсөмдүгү, каниет-сабыры ар дайым кийинки муун үчүн улуу сабак. Түптүү, байыркы элибиздин жашоо шартында улууларга өзгөчө сый-урмат көрсөтүү - калкыбыздын каада-салтындагы өрнөктүү жөрөлгө, бекем адат.

Эли-жерибиздин руханий баалуулуктарын, улуттук нарк-дөөлөттөрүн, ыйык касиеттерин көөнөртпөй сактап, жаш муундарга мурастап жатканыңыздар - Кыргыз өлкөсүнүн баа жеткис байлыгы. Карыяларыбыздын айткан акыл кептери менен даанышман ойлору келечекке багыт алган жолдо шам чырак болуп берет.

Урматтуу аталар, апалар!

Сиздер бар үчүн биз барбыз, биздин мамлекетибиз бар! Ал үчүн сиздерге ар дайым башыбызды ийип, таазим этебиз. “Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт” деген сыңары, ак батаңар, кеп-кеңешиңер менен өлкөбүздүн өрүшү кеңейип, өркүндөп-өсөрүнө бекем ишенем.

Мамлекет жана коом карыяларыбыздын кем-карчына, суроо-талаптарына ар дайым көңүл буруп турушу зарыл. Анткени кутман куракка жеткен ата-апаларыбыз кийинки урпактарга, жалпы эле Ата Журтка жасаган асыл эмгеги үчүн мамлекет тарабынан камкордукка алынууга толук акылуу.

Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү!

Карылардын эл аралык күнү менен чын дилимден чыккан куттуктоомду кабыл алыңыздар. Баарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр, бакубат жашоо, кажыбас кайрат тилейм. Ак сакалын жайкалткан аталар, ак элечегин башынан түшүрбөгөн энелер төрдүн көркү, акылдын кенчи болуп жүрө бериңиздер!

Бар болуңуздар!".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: