super.kg logo

Айыпталуучуну бошотуп жиберген тергөөчүгө иш козголду

 
Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин тергөөчүсү айыпталуучуга тергөө иштеринен качып, мыйзамдын негизинде жазадан кутулуусуна көмөктөшкөн. Бул туурасында Акыйкатчы институтунан кабарлашат.
Мекеменин маалыматына караганда, М.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган.
"Анда 1997-жылдын 5-майында Акылбек Нурматов аттуу жаран батирди саттым деген шылтоо менен арыз ээсинен 9000 доллар накталай акча алып, андан кийин чалууларга жооп бербей качып кеткен. Бул факты боюнча 2001-жылы Ленин РИИБинин тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгогон. Анын жүрүшүндө Нурматовго сыртынан айып тагылып, камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган. Бирок анын жүргөн жери аныкталбай издөө салынган.
2020-жылы февраль айында издөөдө жүргөн адам кармалып, тергөө улантылган. Бирок сурактан кийин Ленин РИИБинин тергөөчүсү Абдымалик уулу айыпталуучуну бошоткон.
Март айында аты аталган кызматкер тергөөнүн жыйынтыгы иликтөө ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган", - дешет мекемеден.
Мындан улам арыздануучу акыйкатчыдан тергөөчүнүн аракеттеринин мыйзамдуулугун кароого жана бул тергөөчүгө тиешелүү жазаларды колдонууга көмөктөшүүнү суранган.
"Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Абдымалик уулу тарабынан жазык-процессуалдык мыйзамдардын ченемдери бузулганы аныкталды. Буга байланыштуу тергөөчүгө карата кызматтык иликтөө жүргүзүү өтүнүчү менен тиешелүү каттар прокуратурага жана ички иштер органдарына жөнөтүлдү.
Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөдө белгилүү болгондой, тергөөчү тарабынан кармалган зарыл болгон тергөө аракеттери көрүлгөн эмес, анын натыйжасында тергөөчү тарабынан сыртынан айып тагылганына жана камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалганына карабастан айыпталуучу коё берилген.
Бул факты боюнча кызматтык иликтөөнүн корутундусунун негизинде, Ленин райондук прокуратурасы тергөөчү Абдымалик уулуна карата Жазык кодексиинин 331-беренеси (шалаакылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин козгоду", - деп кошумчалашат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.10.2021. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шалаакылык эмес ошол 9000 $$ ортоктош болгон деп чечим чыгаргыла туура болот ошондо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: