super.kg logo

Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташуунун рыногу кандай болушу керек?

 

Яндекс Go`нун өкүлү Максим Козлов Кыргызстанда жаңы кызматтардын киргизилиши жана колдонуучулар менен айдоочулардын жайлуулугу, коопсуздугу үчүн сервис тарабынан иштелип чыккан заманбап технологиялар тууралуу айтып берди.

Бишкекте глобалдык IT-компаниялардын катышуусу менен Digital week Санариптик өнүгүүнүн жумалыгы өтүп жатат. Жергиликтүү жана чет өлкөлүк маалымат технологиялары жаатындагы адистер өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, акыркы жетишкендиктери тууралуу айтып беришүүдө. KIT форумуна чакырылган спикерлердин катарында Яндекс Go эл аралык рыногунун мамлекеттик органдар менен байланыштыруу боюнча директору Максим Козлов келип катышты.

Super.kg медиа-порталы эң ири компаниянын өкүлү менен Кыргызстанда бул кызматтын сервиси кантип жүзөгө ашырылары, жакын арада кандай жаңычылдыктардын киргизилери жана жүргүнчүлөрдү ташуу рыногу кандай болушу керектиги тууралуу баарлашты.

Yandex Go кызматында колдонуучулардын жана айдоочулардын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу боюнча иштер үзгүлтүксүз уланууда. Мисалы ылдамдыктын режимин жана айдоонун ыкмасын көзөмөлдөө боюнча сервистин өзүнүн иштеп чыгуулары бар, анын алгачкысы учурда Бишкек шаарында ийгиликтүү ишке ашырылган. Бул сервис адамдардын ой жүгүртүүсүн өзгөртө алды. Биздин статистика боюнча, мурда ылдамдыкты ашыра айдаган айдоочулардын 70 пайыздан ашыгы, система эки ирет эскертүү бергенден баштап, мындай адатын токтотушту. Дагы бир заманбап технология, SignalQ2 коопсуздук камерасы – бул, айдоочунун уйкусуроо белгилерин аныктайт жана ал айдап бара жатып өзүн жогото баштаса, аны ойгото алат.

"Кыргызстанда компаниянын негизги технологиялык өнүгүүлөрү жана жаңы кызматтары акырындык менен жайылтылат. Бул кылдаат мамилени жана убакытты талап кылган чоң жумуш. Жакында эле Бишкекте сarpool сервиси сынактан өткөрүлүп баштады - бул бир таксинин ичинде бир багытты көздөгөн бир нече дарекке баруучу жүргүнчүлөрдүн чогуу жүрүүсү. Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен талкууланып жаткан маселелердин арасында, өлкөдөгү бардык онлайн-сервистер жана жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтары үчүн айдоочулук күбөлүктүн бар же жоктугун текшерүүчү системаны киргизүү маселеси бар. Бул жаңычылык жол эрежесин бузгандыгы үчүн документтеринен ажырап, бирок дагы деле буйрутмаларды алып, айдоону улантып жаткан абийирсиз унаа ээлерин аныктоого шарт түзөт", - дейт Максим Козлов.

Ал колдонуучуларга сапардын сапатына баа берүүнү унутпоону сунуштайт. Мобилдик тиркемеде сапардын аягында айдоочуга баа берүү каралган. Бул баалоолордун натыйжасында рейтинг түзүлүп, тейлөө сапатын жогорулатууга негиз болот.

"Программага ылайык буйрутамын биринчи кезекте рейтинги жогору айдоочуга өткөрүп берет. Ошентип сапардан кийинки адамдардын пикирлеринин натыйжасында рейтинг түзүлөт да, система өзүн-өзү жөнгө салат. Колдонуучулардын бактысы жана коопсуздугу биз үчүн эң маанилүү", - дейт спикер.

Программа колдонуучулар үчүн гана эмес, айдоочулар үчүн да ыңгайлуу. Айдоочулар үчүн бир эле учурда оптималдуу маршрут боюнча эң көп буйрутма алууга мүмкүнчүлүк берген көптөгөн чечимдер бар. Мисалы, кечинде шаардын борборунда таксилерге суроо-талап көп болгон кезде, программа бул аймакка башка аймактардан машиналардын максималдуу санын жөнөтөт. Ошондой эле атайын алгоритмдердин жардамы менен тыгынсыз жана мүмкүн болушунча тезирээк каалаган пунктка жете алган айдоочуларды тандайт.

"Биз кызматты Финляндияда ишке киргизген кезде, ал жакта таксиде жүрүүнүн өзү кымбат кумарга барабар болчу. Жергиликтүү тургундар өзгөчө учурларда жана майрамдарда гана машина чакырууга чамасы жеткен. Yango (бул өлкөдө ушул аталыш менен иштейт) өзүнүн баалуу сунушу менен рынокко киргенден баштап, бул жактагы адамдар, атактуу тасмада айтылгандай, атүгүл "наабайканага такси менен бара башташты", - деп эл аралык тажрыйбадан Максим Козлов мисал келтирди.

- "Мен ойлойм, биздин Кыргызстанда бул сервистин пайда болушу аркылуу такси кызматы ыңгайлуу, жеткиликтүү, коопсуз жана мейман-досчулук менен жүрүүнүн ыкмасы болуп калды".

Козловдун айтымында, Кыргыз Республикасында жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсү бир кыйла өнүктү. Колдонуучулар үчүн бул кызмат жеткиликтүү жана КМШнын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу, колдонуудагы транспорттук мыйзамдар да түшүнүктүү.

"Бирок биз жүргүнчүлөрдү ташуу тармагын жакшыртууну жана модернизациялоону, анын катарында кызматка жетүү бардык тараптарга мындан да жөнөкөй болушу үчүн салык чогултууну жогорулатууну каалайбыз. Келечекте айдоочуга жеке машиналуу болуунун кажети жок болуп калат - өнөктөш такси компаниялары унааларды лизингге алып, кызматкерлерди техникалык жактан жакшы, күйүүчү май менен толтурулган унаалар менен камсыздай алышат. Ал эми биз өз кезегинде коопсуздук технологияларды өркүндөтүүнү улантабыз. Биз Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташуу рыногунун так ушундай болушун каалайбыз", - деп жыйынтыктады Максим Козлов.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(4)
01.10.2021. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Яндекс такси эч кандай жоопкерчилик албайт,бут баарын ортомчуларга оодарып салат.
01.10.2021. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Центерра компаниясын жонго сала албай канча Окмот отставкага кетти. Кумтордогу Окмоттун улушу 70%тен 20-33%ке тушту. Ортодогу башка афералар, алтынды комуско ташып кетуулору, салыкты аз толоо учун чыгымдарды шиширип коп корсотуп келгендеринен бери кабарынар бар. Бирок Центерра акча берсе эле аларды рекламалап келдинер, бул ишкана олко кызыкчылыгына каршы иштеп жатканын биле туруп. Бугун мамлекет Центеррага 4 миллиард доо артканы да тегин жерден эмес.
01.10.2021. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына, силер, журналисттер, редакторлор ж.б., алган айлык-маянанардан Окмотко киреше салвгын, соц.толомдорду толоп келесинер ай сайын. Гезит кожоюну да киреше салыгын толойт, силерден башка.

Яндекс компаниясы менен иштешкен айдоочулар патент алып жатса оздору учун алып жатат, б.а. патент киреше салыгынын бир туру. Ал эми Яндекс компаниясы Окмотко салык толобой келет. Мындай компанияны рекламалоодон уялуу керек ачыгы, Яндекстин ушунча жылда толобогон салыгы жуздогон миллион сомду туз
02.10.2021. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Яндекс жаман лучше Жорго жакшы болчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: