super.kg logo

Баткендеги курулушу бүтпөгөн үйлөр. Марипов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ишин сынга алды

 

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы 28-30-апрелдеги окуяда жабыркаган Баткен облусунун чек арада жайгашкан айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңейтилген кеңешмеси өттү.

Анда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ишин сынга алды. Бул туурасында министрлер кабинетинен маалымдашты.

"Күз ортолоп калды, жакынкы күндөрдө суук түшүшү күтүлүүдө, бирок мамлекеттик жана менчикти толук калыбына келтирүү иштери аягына чыга элек. Каражат толугу менен бөлүнүп берилген, бардык курулуш иштерин бүткөрүү үчүн максималдуу күч жумшалышы керек", - деп белгиледи Улукбек Марипов.

Андан соң жарандардын жана юридикалык жактардын мүлкүнө келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча маселелер каралып, Марипов жабыр тарткан ишкерлерге каражат бөлүүнү тездетүүнү тапшырды.

Мындан тышкары Улукбек Марипов Экономика жана финансы министрлигине мамлекеттик бюджеттен, ошондой эле жеке жана эл аралык уюмдар жана кызыкдар жарандар аркылуу бөлүнгөн каражаттар жөнүндө коомчулукка толук маалымат берүүнү тапшырды.

"Биз ар бир сом үчүн отчёт берүүбүз керек, бардык финансылык чыгымдар ачык болушу кажет", - деп белгиледи ал.

Ошондой эле кеңешменин катышуучулары "Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү" инвестициялык форумун өткөрүүгө даярдык маселесин карады. Аталган маселе боюнча инвестициялар министринин милдетин аткаруучу Нурадил Баясов маалымат берди.

Ал белгилегендей, иш-чарага бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр чакырылган жана бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлушу күтүлүүдө.

Баткен облусунун чек арада жайгашкан айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча, бир катар тапшырмалар берилди, алардын өз мөөнөтүндө аткарылышы үчүн тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги көрсөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: