super.kg logo

Улукбек Марипов карылар үйүнө барып, ал жакта жашагандардын саны көбөйүп жатканы өкүндүрөрүн айтты

 

Улукбек Марипов Бишкек социалдык стационардык мекемесине барып, Карылардын эл аралык күнү менен куттуктап, аларга чың ден соолук, бакубат жашоо жана узун өмүр каалады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы социалдык мекеменин жашоо шарты менен таанышып, андагы жашоочулар менен баарлашты.

"Карылардын эл аралык күнү улуу муун өкүлдөрүнө болгон жылуу сөздөрүмдү билдиргим келет. Ар бир Кыргыз жаранынын жүрөгүндө алардын өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн кошкон салымы, ак ниет жана кайратман эмгеги үчүн ыраазычылык сезими жашайт. Сиздер бай жашоо тажрыйбаңыздарды өсүп келе жаткан муунга өткөрүп, үй-бүлөлүк салтты жана баалуулуктарды аяр сактап келесиздер. Биздин милдет – карыяларыбыздын бакубат жашоосу, алардын коомдун жашоосуна активдүү катышуусу үчүн татыктуу шарттарды түзүү. Улуу муундагы жарандарыбызга аяр мамиле кылуу күндөлүк милдетибиз болуп саналат. Улгайган жарандарды социалдык жактан коргоо ар дайым мамлекетибиздин маанилүү багыты болуп саналат", – деди ал.

Улукбек Марипов республикада улгайган жарандар үчүн мекемелер орун алып, аларда жашагандардын саны көбөйүп жаткандыгына өкүнүчүн билдирди.

"Ушул күнү мен мекендештерибизди кары ата-энелерибизге жана бир туугандарыбызга көбүрөөк көңүл бурууга чакырам. Эгер алыс болсоңуз, телефон чалып, жакын болсоңуз, кучагыңызга кысып, жылуулук тартуулаңыз. Биздин улуу муун өкүлдөрүбүз мыкты шартта жашап, сый-урматка жана камкордукка бөлөнүшү керек. Муну өсүп келе жаткан муунга сиңирүүбүз зарыл", – деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.10.2021. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирине зар дүйнө, бирине кор дүйнө.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: