super.kg logo

"Ош - Стамбул - Ош" аба каттамы 8 жылдан кийин жанданды

 

"Ош - Стамбул - Ош" жаңы түз аба каттамы 8 жылдан кийин жанданды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-октябрь күнү "Ош - Стамбул - Ош" жаңы түз аба каттамы ачылып, биринчи каттамдын жүргүнчүлөрүн Ош эл аралык аэропорту салтанаттуу тосуп алды.

"Манас эл аралык аэропорту" ААКнын башкы директорунун инфраструктура жана региондук өнүктүрүү боюнча орун басары Абдималик Бусурманкулов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, "МАМ" ААКтын экономика, финансы жана өнүктүрүү боюнча башкы директорунун орун басары жана Ош эл аралык аэропортунуну кызматкерлери конокторду тосуп алышты.

Ошондой эле "Ош - Стамбул - Ош" каттамы боюнча аба транспорту Түркиянын “Pegasus” авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, жүргүнчүлөр бул аба каттамын дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү пайдалана алышат, учуу убактысы 5 саат 30 мүнөт. Биринчи рейс менен 130 жүргүнчү келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
01.10.2021. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
билет канча экен аа
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: