super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө бир аптада кандай кадрдык өзгөрүүлөр болду?

 

Бул аптада өлкөдө кандай кадрдык алмашуулар болду?

Шыкмаматовдун ордуна Баясов келди

Май айында инвестициялар министри болуп дайындалган Алмамбет Шыкмаматов кызматынан бошотулду. Ал өз каалоосу менен арыз жазып, кызматын тапшырган. Буга чейин Алмамбет Шыкмаматов өлкө башчы Садыр Жапаров менен жолугуу учурунда алдыдагы шайлоого байланыштуу кызматын тапшыра тургандыгын айткан. SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиргендей, Шыкмаматов "Ынтымак" партиясы менен шайлоого аттанат. Анын ордуна Нурадил Баясов министр болуп дайындалды. Ал буга чейин министрдин орун басары болуп иштеп келген.

Абдыгулов кызматтан кетти

29-сентябрда парламент Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кызматтан кетирүү токтомун кабыл алды. Ал Эл аралык валюта фондуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан кеңешчи болуп сунушталып жатканы үчүн төрагалыктан кетип жатканын айткан. Абдыгуловдун кызматтан кетишин көп депутаттар каалаган жок. Бирок ал өзү анын отставкасын кабыл алып берүүнү суранган. Бул кызматка Кубанычбек Бөкөнтаев барды.

Канат Маматов отставкага кетти

Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов отставкага кеткенин SUPER.KG порталына ырастап, себебин төмөнкүдөй түшүндүрдү. "Ооба, кызматтан кетүү арызымды жаздым, анткени алдыдагы парламенттик шайлоого талапкер катары катышам. Бирок кайда болсом да футболго салым кошууну улантам. Анткени өзүм футбол менен өсүп, футбол деп жүргөн адаммын", - деди ал. Бирок ал шайлоого бир мандаттуу шайлоо округунан катышарын же партия менен барарын ачыктаган жок.

Эки аким дайындалды

Дамир Кулубаев Кара-Кулжа районунун акими болуп дайындалды. Ал эми Бактибек Анаркулов Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: