super.kg logo

Электр жарыгы өчкөндө кычкылтек аппаратына туташтырылган бейтап каза болду. Тиешелүү мекеменин жообу

 

Кычкылтек аппаратына туташтырылган бейтап генератор иштебей калганда тумчугуп каза болду. Бул тууралуу Асел аттуу жаран Tвиттер баракчасына жазып чыкты.

"Апама кесиптеши каза болгонун айтышты. Ал (маркум) кычкылтек аппаратына туташтырылган экен. Электр жарыгы өчкөндө генератор иштебей, ал тумчугуп калган.

Электр жарыгын өчүрүү - бул кечки ондон кийин уктоого даярдануу эмес...", - деп жазган ал.

Бул боюнча "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын маалымат кызматына байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Медициналык мекемелердин жандандыруу, хирургия бөлүмү сындуу биринчи категорияга кирген объектилерге электр жарыгы үзгүлтүксүз берилет. Аларды электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу өзгөчө көзөмөлгө алынган", - дешти маалымат кызматынан.

Энергетика жана өнөр министрлигинин маалыматы боюнча, медициналык мекемелердин трансформаторуна чейин электр энергиясын жеткирүү Энергетика министрлигинин милдети. Ал эми ал жайлардагы трансформатордун иштеши жана кошумча генератор менен камсыз кылуу мекеменин администрациясынын жоопкерчилигинде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
02.10.2021. 07:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо эмне болду, чын эле тумчугуп өлдүбү
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: