Бишкек мэриясы коомдук унааларда жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятына болгон көзөмөлдү күчөтөт
Бишкек шаарында коомдук унааларда жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятына болгон көзөмөлдү күчөтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-октябрда Бишкек троллейбус башкармалыгынын жетекчилиги №203 маршруттук таксинин айдоочусу эне-баланы коляскасы менен кичи автобуска салбай, күч колдонуп чыгарып салган окуяга карата ыкчам кеңешме өткөргөн.
"Жолугушуунун жыйынтыгында, бөлүм башчыларына жүргүнчүлөрдү тейлөө тартибин жана троллейбустун айдоочуларынын жол эрежелерин так сактоосун көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 30-сентябрда Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусу эне-баланы коляскасы менен кичи автобуска салбай, күч колдонуп чыгарып салган. Ал эми 1984-жылы туулган М.Б. аттуу айдоочу кылган аракети боюнча элден кечирим сураган.


