super.kg logo

"Акыл-эстүү" кишилер саат 22:00гө чейин "сейилдеп", пенсия көбөйгөндө... Бир аптада орун алган орчундуу окуялар

 

Бир апта аралыгында өлкөбүздө бир топ окуялар орун алды. Алардын ичинен көчөдөгү, сейил бактагы жана кафелердин сыртындагы жарык чырактары кечинде өчүрүлө турганы, коляскасы менен эне менен баласын кичи автобуска салбай койгон айдоочунун окуясы жана көңүл көтөргөн пенсиянын көбөйтүлгөнү менен эсте калды.

Анда сөз башынан болсун.

29-сентябрда "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасы өлкөдө сейил бактардын, кафе, ресторандардын көчөлөрдүн жана жарнактардын чырактары өчүрүлөрүн кабарлады. Мындай маалымат коомдо кызуу талкууга алынып, ар кандай пикирлер айтылды. Алардын арасында мындай чечимге тикелей каршы болгондору дагы, туура түшүнгөндөрү дагы четтен чыкты.

Теманы улай "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын төрагасы Таалайбек Байгазиев акыл-эстүү киши саат 22:00гө чейин эле сейилдеши керек деп айтканы социалдык тармактын колдонуучуларынын "төл" сөзүнө айланды да калды.

Электр тармагындагы сарамжалдуулук дейбизби же айла жоктун иши болуп жатат деп айтабызбы, айтор, көчөлөр караңгы болуп, кечинде түзүк сейилдей албай калабызбы деп турган чакта эне менен баласын коляскасы болгону үчүн кичи автобуска салбай койгон айдоочунун окуясы көпчүлүктүн кыжырына тийди. Аталган айдоочу иштен алынып, айып салынды. Ал эми айдоочу жалпы кыргыз элинен кечирим дагы сурады.

Аба ырайы сууктап калган чакта Кара-Кечеде көмүр жүктөө башталганы кабарланып, көмүр баасы арзандап калар деген жагымдуу ойду жаратты.

Апта аягы пенсиянын көбөйтүлгөн жагымдуу жаңылык менен аяктады.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
02.10.2021. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура эле чечим чыгарган.Жашоочулардын светин очургондон коро парктарды очурсун,эл чыкпаса кылмыштуулук да азаят.
03.10.2021. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mira28, тескерисинче караңгыда кылмыштуулук көбөйөт. Жолдор капкараңгы болуп турса жолдон өтмөктөрдө өтүш да кыйын болуп калат караңгыда көрүнбөй калат экен. Кыскасы жаркырасын Кыргызстан десек жаркырай албай эле жакырланып баратат
03.10.2021. 07:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Онукмок турсун кайра артка кеттик.Свет очурулот деген бул бийликтин колунан пок келбеши.Озубуздо суу толтура и озубуз ар кимден электр энергиясын сатып алып журобуз.Асман шаарын башына урасынбы эгерде элини таза суу и свет менен камсыз кыла албасан?
03.10.2021. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84,Адахандын күчүгү окшойсуң?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: