super.kg logo

Чилдеде жарыксыз калам деп чочулаган жоксузбу? Электр энергиясын үнөмдөөгө 9 лайфхак

 

Өлкөдө жарандарды электр энергиясын үнөмдөөгө мамлекет тарабынан сунуштамалар берилүүдө. 29-сентябрда "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасы өлкөдөгү сейил бактардын, кафе, ресторандардын көчөлөрдүн жана жарнактардын чырактары өчүрүлөрүн кабарлаган. Мындай маалымат коомдо кызуу талкууга алынып, дээрлик көбү каршы пикирлерин айтышууда.

"Бишкек электр станциялар" ачык акционердик коому эгерде ар бир адам күнүнө жок дегенде бир жолу бекер күйүп жаткан бөлмөдө жарыкты өчүрүү же көптөн бери күтүү режиминде турган электр приборунун розеткасынан сууруу зарылдыгы жөнүндө ойлонсо же электр мешин убагында өчүрсө аймактын энергия үнөмдөшүнө олуттуу салым кошот деп эсептешет.

Электр станциялар компаниясынын пресс-секретары Тагжана Айдаралиева SUPER.KG порталынын окурмандары үчүн электр энергиясын үнөмдөө кеңештери менен бөлүштү.

"Дүйнө калкынын глобалдык өсүшү болжол менен 75 миллион же жылына 1,1 пайызды түзөт. Бул 75 миллион жаңы электр керектөөчүлөр дегенди билдирет. Кыргыз өлкөсүндө калктын санынын өсүшү 1,67 пайызды түзөт. Калктын саны өссө бул өтө жакшы. Бирок орточо алганда, 30 жыл мурун биздин үйлөрдө электр энергиясын колдонгон канча приборлор болгон - кир жуугуч машина, жарыктандыруу, тамак бышыруучу плитка, кийим үтүгү, сыналгы, чаң соргуч - болжол менен 6-7 эле пункт болчу.

Эгер азыр эсептесеңиз, анда бул 3-5 даана кубаттагычтар, микротолкундуу меш, идиш жуугуч, кондиционер, нымдагыч, тостер, компьютерлер, гироскутер, электр велосипеддери, блендер, кофе кайнатуучу машина, сырткы байкоо системалары, Wi-Fi роутери жана башка көптөгөн түзүлүштөр, электр шаймандарынын 15тен ашык түрү, заманбап ыңгайлуу жашоо үчүн стандарттуу нерселер.

- Жалпы жарыктандыруу керек болбогондо жергиликтүү жарыктандырууну колдонуңуз, бул энергияны 30-50 пайызга үнөмдөй алат;
- Бөлмөдөн чыкканда жарыкты өчүрүүнү эрежеге айлантыңыз;
- Көптөн бери күтүү режиминде турган түзмөктөрдү өчүрүңүз;
- Муздаткычты газ плитасынын же радиатордун жанына койбоңуз. Бул муздаткычтын энергия керектөөсүн 20-30 пайызга жогорулатат;
- Электр эсептегичтеринин көрсөткүчтөрүн жазыңыз жана керектөөнү кантип азайтууга болорун талдаңыз;
- Жылытуучу радиатордун артындагы дубалга жылуулук чагылдыруучу калканчты (же алюминий фольга) орнотуңуз. Натыйжада бөлмөнүн температурасы жогорулайт;
- Электр чайнегине канча суу колдонгуңуз келсе, ошончо кайнатыңыз;
- Кадимки лампочкаларды энергияны үнөмдөөчү LED лампалары менен алмаштырыңыз. Алардын кызмат мөөнөтү лампага караганда 10 эсе көп, керектөөсү 6 эсе төмөн;
- Табигый жарыкты максималдуу пайдалануучу архитектуралык чечимдерди колдонуу (долбоорлоо стадиясында) жарыктандыруу үчүн керектелген энергияны үнөмдөөгө олуттуу таасирин тийгизет.

Көрдүңүзбү? Эрежелер оңой жана баарыбыздын колубуздан келет", - деп билдирди Айдаралиева.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
02.10.2021. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Андан көрө ГЭС салбайсынарбы
02.10.2021. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эмне учун чакан ГЭС салганга кучубуз жетпейт? Эмнеси кыйын???
Эмне учун ВЭУ сала албайбыз?
Коррупция же мошенничества жолдорун ойлогондо илимпоз болуп кетебиз, бир нерсе курганда эле калльа иштебей калат кызыгы.
02.10.2021. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыскасы кышында да өчөт экен да свет.
03.10.2021. 07:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чакан гес курган ишкерлерди эшматка бар таштаткабар деп кыйнабай ошолордон алыш керек .импорттобой
03.10.2021. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садыр Жапаровдун аябай ишендим эле Бакиевден жаман кылмай болду го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: