Жалал-Абадда жаңы конуштун жашоочулары ичүүчү суу менен камсыз болду




Жалал-Абад шаарындагы жаңы конуштун жашоочулары ичүүчү суу менен камсыз болушту. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын Живпром жаңы конушуна Жалал-Абад шаардык мэриясы жана Бириккен улуттар уюмунун "Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк" программасынын көмөгү менен 122 үй-бүлѳ таза суу менен камсыз болгон.
Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков аталган конуштагы жолдорго асфальт төшөө, таштандысын атайын техникалардын көмөгү менен сыртка ташуу, электр мамыларын орнотуу, түнкү жарыктандыруу, маршруттук каттамдардын интервалын азайтуу сыяктуу көйгөйлүү маселелери менен жеринен таанышып, 2022-жылы жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша көйгөйлөр чечиле турганын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.