super.kg logo

Улукбек Марипов 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифти бекитти

 

2021-2025-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабыл алынган Орто мөөнөттүү тарифтик саясатка ылайык, калк үчүн электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт жана кВт/саатына 0,77 жана 2,16 сом деңгээлинде калат. Айына 700 кВт⋅саатка чейин керектөө менен тариф кВт⋅саатына – 0,77 сомду, айына 700 кВт⋅сааттан жогору болсо, тариф кВт⋅саатына 2,16 сомду түзөт.

Бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган керектөөчүлөр үчүн электр энергиясын керектөө нормасы жокко чыгарылды, башкача айтканда, кВт/саатына 0,77 сом тарифи чектөөсүз иштейт.

Социалдык балдар мекемелери, электр транспорту, диний уюмдар үчүн өзүнчө тарифтер 1 кВтс үчүн 168 тыйын деңгээлинде (салыктарды эске албаганда) белгиленет.

Мында социалдык балдар мекемелери жана электр транспорту үчүн жогорулоо 10 тыйын же 6,3 пайызды түзөт, ал эми диний уюмдар үчүн тариф 56 тыйынга төмөндөтүлгөн.

Жогорулатуу төмөнкү категорияларга гана тийиштүү:

- насостук станциялар, алар үчүн тариф кВт⋅сааты/1,09 сомду түзүп, 31,6 тыйынга жогорулаган (салыктарды эске албаганда);

- бюджеттик, өнөр-жай, айыл чарба жана башка керектөөчүлөр үчүн, алар үчүн тариф кВт⋅саатына 2,52 сомду түзүп, 28 тыйынга жогорулаган (салыктарды эске албаганда);

- жогорулатуучу коэффициенттер колдонулчу коммерциялык түзүмдөрдүн энергия сыйымдуу керектөөчүлөрү (майнинг субъектилери, алтын өндүрүүчү компаниялар, куюу цехтери, алкоголдук өндүрүш, цемент заводдору).

Кийинки жылдары тарифтердин өзгөрүүсү инфляциянын деңгээлин эске алуу менен ишке ашырылат.

Алынган каражаттар жабдууларды жаңыртууга, трансформатордук көмөк чордондорду орнотууга, электр линияларын курууга жана генерациялык кубаттуулуктарды жогорулатууга жумшалат.

2021-жылы калк үчүн жылытуу тарифи өзгөрбөйт жана Гкал/1134,76 сом өлчөмүндө калат.

Кийинки жылытуу мезгилинен тарта калк үчүн тарифтер 10 пайызга жогорулайт (орточо эсеп менен 1 бөлмөлүү батирди жылытуу үчүн төлөмдүн айырмасы айына болжол менен 82 сомду же жылытуу мезгилине 410 сомду түзөт).

2021-жылы калк үчүн ысык сууга болгон тарифтер дагы өзгөрүүсүз калат жана Гкал/981,76 сомду түзөт.

Келерки жылдан тарта калк үчүн ысык сууга болгон тарифтер 14 пайызга жогорулайт. Орто эсеп менен бир кишиге ысык суу үчүн төлөмдүн айырмасы айына м3/34,5 сомду түзөт. Бул бир нече жылдан кийин ысык суу менен камсыздоонун наркына жетүүгө мүмкүндүк берет, натыйжада жылуулук тармактарын алмаштырууну жана реконструкциялоону, жылуулук пункттарын модернизациялоону, жаңы абоненттердин кошулуусун камсыздайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.10.2021. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы эле карапайым элдин канын сормой экен да. Качан жакшы адамдар келет болду экен бул бийликке? Тарифтин баасын тушуробуз деп карапайым элди жошутуп кайра эле мурунку мунозго кайтып эле жатат. Буларга сооп жок экен. Мен ойлогом эч кандай чектоолор болбойт деп. Жана тарифтин баасын 0.70 тыйын кылат болуш керек деп.
01.10.2021. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalaibek.,0.70тариф менен жашайм десек Кыргызстан онугуп ГэСтер курулуп чет олкого энергия экспорт кылсак ошондо чайына кант салып чайсан жарашмак азыр акыбалыбыз ушул Эл салым кылып мамлекетти которбосок жакында ГэСтерда озун озун камсыз кыла албай банкротко кептелебиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: