super.kg logo

Папан айыл аймагынын тургундары УКМКга нааразычылыгын билдирди. Мекеменин жообу

 

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагынын тургундарынын УКМК иштебейт деген нааразычылктарын билдиришкен. Аталган мекеме келип түшкөн арыз-дооматтарын карап чыгып, соттук чечимдерге тиешеси жоктугун кабарлашат.

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылынын тургундарынын арыз дооматтарынын негизинде жарандык сот инстанцияларынын отурумдары болуп өткөндүгү аныкталды.

"Дыйкан-Кыштак айылынын тургундары үлүш жерлерине Папан айыл аймагынын тургундары мыйзамсыз үйлөрдү куруп алганын белгилеп, мыйзам чегинде курулуш иштерин токтотуп, курулуп калган үйлөрдү сүрдүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Жогорку Соттун 28-июнундагы чечимине ылайык мыйзамсыз курулуш деп табылып, сүрдүрүү иштери Кара-Суу районунун сот аткаруучулар кызматына жүктөлгөн.

Муну менен катар буга чейин мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Папан айыл аймагынын тургундарына үлүш жер ээлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан бир нече ирет курулуш иштерин токтотуу боюнча эскертилген.

28-сентябрь күнү сот аткаруучулар баштаган комиссия тарабынан аталган жерде курулуп бүткөн мыйзамсыз 14 үйдүн экөө сүрдүрүлгөн. Бул чечим жарандык тартипте каралган соттук чечим болуп саналат жана бул чечимге Улуттук коопсуздук комитети жана жетекчилигинин эч кандай тиешеси жок", - дешет мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
04.10.2021. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сатып жиберген ортомчу и айыл башчыларын камасанар жакшы болот эле,жон эле элдерди бири бири менен чабыштырып и ар кимиси бири бирине дооланып журо бербей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: