Бишкекте бир аптанын ичинде 4556 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды
Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир аптанын ичинде 4 миң 556 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-сентябрдан тартып 29-сентябрга чейин Бишкек шаарынын аймагында Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 4 миң 556 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
- Мас абалында унаа башкаруу - 61 айдоочу;
- Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 15;
- Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу - 70;
- Жасалма мамлекеттик номер менен унаа башкаруу - 1;
- Жөө жүргүнчүлөр жана велосипед айдаган жарандар катышкан жол эрежесин бузуулар - 86;
- Авто ээн баштык - 2.
430 унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулган.


