"Кылмыштын курамы жок". Жер боюнча алдамчылыкка шектелген Ош шаарынын вице-мэрине карата козголгон иш токтотулду
Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Жасур Азимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, иш кылмыштын курамынын жоктугу үчүн кыскартылган.
Эске салсак, Жасур Азимов жер боюнча алдамчылыкка шектелген. Тергөөнүн версиясы боюнча, Ош шаарынын вице-мэринин 2020-жылдын 4-сентябрындагы токтому менен "Кыргыз Текстиль ЛТД" жоопкерчилиги чектелген коому 25 гектар жер тилкесин 2 миллион 500 миң сомго саткан. Бул жер Жапалак айыл аймагынын аймагында жайгашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.