super.kg logo

Жасалма акча менен оригиналын кантип айырмалай алабыз? Улуттук банктан кеңеш

 

Буга чейин социалдык тармактарда жасалма акчалар табылганы боюнча маалыматтар тараган. Буга байланыштуу Улуттук банк банкноттун аныктыгын кантип текшерүү керектиги боюнча айтып берди.

Анык банкнотту жасалма банкноттон айырмалоо үчүн банкноттордун аныктыгы боюнча белгилүү болгон бардык коргоо белгилерин текшерип көрүү зарыл:

Сүрөт. Банкнотту кылдаттык менен текшерип, сүрөттөрдүн тунуктугуна көңүл буруңуз.

Рельефтүүлүк. Сүрөттөгү портрет менен жазуулардын рельефтүүлүгүн (одуракайлыгын) кол менен кармап текшерип көрүңүз.

Суу белги. Банкнотту жарыкка салып кароодо ак тилкесинде жайгашкан суу белгисин текшерүү зарыл. Суу белгинин сүрөтү банкноттогу портреттин сүрөтүнө дал келүүгө тийиш.

Коргоо тилке. Жарыкка салып кароодо туташ болуп көрүнүп туруучу жана номиналдык санды камтыган көзөнөкчө түрүндөгү коргоо тилкелерин текшерүү зарыл. 5000 сомдук банкнотту жантайтып кароодо коргоо тилкеси кызыл түстөн жашыл түскө өзгөрөт.

Номиналдын сандары. Банкноттун төмөнкү оң бурчунда жайгашкан тик бурчтукка көңүл буруңуз. Банкнотту жантайтып кароодо оюу-чийменин алдында номиналдын саны көрүнөт.

Голлографиялык тилке (100, 200, 500 жана 1000 сомдук банкноттордо гана). Банкнотту ар бир бурчунан жарыкка салып кароодо, голлографиялык тилкедеги сүрөттөр өзгөрөт.

Түсүн өзгөрткөн боёк (5000 сомдук банкнотто гана). Банкнотту ар бир бурчунан жарыкка салып кароодо, тик бурчтуктун түсү жашыл түстөн көк түскө өзгөрөт.

Голограмма (2000 сомдук банкнотто гана). Банкнотту сол жактан оң жагына же тескерисинче алып, жантайтып кароодо "25" деген сан улуттук оюу-чийимге айланып өзгөрөт.

Микрооптикалык тилке (2000 сомдук банкнотто гана). Банкнотту ар бурчунан жарыкка салып кароодо, тилкедеги көлөмдүү сүрөттөлүш, кыймылдын таасири кубулуп, чагылышып көрүнөт.

"Эгерде колуңузда шектүү банкнот бар болсо, анда ал банкноттун аныктыгына экспертиза жүргүзө турган жакынкы ички иштер бөлүмүнө же Улуттук банкка өткөрүлүп берилиши керек.

Улуттук банк улуттук валютанын шектүү банкнотторун жана монеталарын экспертизага күн сайын, дүйшөмбүдөн жумага чейин, 9.00дөн 15.00гө чейин кабыл алат. Экспертиза акысыз жүргүзүлөт жана 5 жумуш күндөн ашпайт", - деп айтылат мекеменин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: