super.kg logo

Ак Үйдүн алдына депутат Самат Ибраевден акчасын талап кылгандар митингге чыкты (фото)

 

Бүгүн, 4-октябрда Ак Үйдүн алдына жеке ишкерлер Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраевден акчаларын талап кылып митингге чыгышты. Бул тууралуу Гуля Алмамбетова социалдык тармактагы баракчасына жазып, сүрөттөрүн жүктөдү.

Маалыматка ылайык, митингге 15тей адам катышууда жана алар колдоруна "Самат Ибраев, акчаны бер!", Президент, бизге жардам бериңиз" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.

Эскерте кетсек, депутат Самат Ибраевдин уулу, "Строймир" ЖЧКсынын башкы директору 1992-жылы туулган Данияр Ибраев 2018-жылдын декабрынан 2019-жылга чейин курулуш арматурасын берүү шылтоосу менен жети адамдын акчасын тартып алганын билдирген. Жалпы сумма 507 миллион 352 миң 49 сомду түзгөн.

2019-жылдын 26-декабрь күнү эл аралык, анын ичинен Интерпол багыты боюнча издөөгө алынган. 28-декабрь күнү Интерполдун билдирүүсүнө ылайык, Данияр Ибраев Болгария Республикасынын София шаарында кармалган. Ошол учурда издөөгө алынган Ибраевди Кыргыз Республикасына экстрадициялоо процесси башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: