Ак Үйдүн алдына митингге чыккандар: "Депутаттын уулу арматура алып келип берем деп 56 адамды алдады, милиция реакция кылбай жатат"








Бүгүн, 4-октябрда депутат Самат Ибраевдин уулу Данияр Ибраевден жабыркадык деген ишкерлер Ак Үйдүн алдына митингге чыгышты.
Алардын айтымында, Данияр Ибраев 35 миллион доллар алып кеткен, укук коргоо органдары эч кандай реакция көрбөй келет. Атасы Самат Ибраев Жогорку Кеңеште отурат.
Жабырландык деген ишкерлердин жактоочусу Токтайым Үмөталиева да жакын адамы Данияр Ибраевге алданып калгандыктан митингге чыкканын айтат. "Бул уюшкан кылмыштуулук. Буга Самат Ибраевдин түздөн-түз тиешеси бар. Ал баласын көзөмөлдөп, чет өлкөгө чыгарып жиберген. Баласы атасынын курмандыгы болуп калды. Андан сырткары булардын туугандары да байланышкан. Булар мыйзамдуу түрдө жазасын алышын талап кылабыз".
Митингге келгендердин бири Азиз Тагазиев мындай дейт: "Самат Ибраевдин уулу Данияр Ибраев бизге 2019-жылы арматура алып келип берем деп алдап кетти. Жалпысынан 56 адамды алдап кетти. Арасынан жарымы арыз жазды. Самат Ибраев башында бүтүрүп берем деп, кийин байланышка да чыкпай калды. Самат Ибраев бизден башында убакыт сурап, арыз жазбоону өтүнгөн. Кийин баш тартты".
Азырынча митинг боюнча эл өкүлү Саматбек Ибраев үн ката элек.




1 |