super.kg logo

"Ош базарындагы" башаламан соода-сатыкка каршы митингге чыккандарды мэрия кабыл алды

 

Бүгүн, 4-октябрда "Ош базарынын" айланасындагы башаламан соода-сатыкка каршы мыйзамдуу соода жүргүзүп жаткандар митингге чыгышты.

Алар стихиялуу соода кылгандар соодагерлердин ишине тоскоолдук жаратып жаткандарын айтышты.

Митингге чыккандар арабаларга кийимдерди илип, "Распродажа" деген жазууларды алып чыгышты.

Аларды Бишкек шаардык мэриясы кабыл алып, жагдайды кеңири талкуулоо үчүн эртең саат 10:30да Ленин акимчилигинде жолугушуу болорун айтышты.

"Биз эртең Ленин акимчилигинде саат 10:30да жолугушуу орун алат. Ал жерде бүгүнкү көйгөйдү талкуулайбыз. Эгер биздин талабыбыз аткарылбаса, Ак Үйдүн алдына арабаларды алып чыгып, нааразычылык билдирүүнү улантабыз", - деди митингге чыккандардын бири Күлчакыра Табалдиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: