super.kg logo

Коомдук ишмерлер Курсан Асановду үй камагына чыгарууну талап кылышты

 


Бүгүн, 4-октябрь күнү ички иштер министринин камакка алынган мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы боюнча маалымат жыйын өтүүдө.

Жыйынга эмгек ардагерлери, профессорлор, маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер катышууда.

"Бийлик өкүлдөрүнө кайрылуубуз акыйкаттык кылып, мыйзам чегинде карап Курсан Асановду үй камагына чыгарууну талап кылабыз. Генералыбызды ушинтип кордогонубуз туура эмес. Мыйзамсыз иштерге биз капабыз. Көпчүлүк идеал туткан адамды кор кылганыбыз туура эмес болуп калат. Кой-Таш ишинде баш-көз болуп жүрсө аны алып барып камап койгон - бул көрө албастык”, - дешти жыйындын катышуучулары.

Эскерте кетсек, 14-сентябрь күнү ИИМдин тергөө кызматы тарабынан "бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча шектүү катары Курсан Асанов кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: