super.kg logo

Венгриянын Эмгек сиңирген артисти Марта Месарош тышкы иштер министрине өтүнүч менен кайрылды

 

Венгриянын Эмгек сиңирген артисти Марта Месарош тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге өтүнүч менен кайрылды. Бул туурасында тышкы саясий ведомствонун маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.

Мекемеден кабарлашкандай, министр Будапештте белгилүү скульптор Ласло Месароштун (венгер скульптору) кызы Марта Месарош жана анын уулдары менен жолугушту.

"Жолугушуу учурунда Марта Месарош Кыргыз жергесине кайра келүү каалоосу жөнүндө айтып, атасынын жашоосун күбөлөндүрүүчү документтерди табууга жардам берүү өтүнүчү менен Руслан Казакбаевге кайрылды. Ал ошондой эле венгрлер менен кыргыздардын жаш муундары үчүн атасынын элесин сактоого жардам сурады.

Министр компетенттүү органдарга анын атасынын кармалышынын себептери тууралуу архивдик маалыматтарды издөө өтүнүчүн берерин, президент Садыр Жапаровго кайрыларын айтты", - дешет мекемеден.

Ласло Месарош 1935-жылы Кыргыз өлкөсүнө "Интергельпо" кооперативи менен эмиграция кылган. Ал азыркы борбордун имиджин калыптандырууга чоң салым кошкон. Советтик индустриянын тез өнүгүү мезгилинде ал жаңы имараттарды долбоорлоо жана куруу менен алектенген, анын белгилүү долбоорлорунун арасында өкмөт үйүнүн имараты, темир жол бекети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бар.

Скульптордун кызы Марта Месарош Венгриянын Эмгек сиңирген артисти, режиссёр жана искусство жаатында көптөгөн эл аралык сыйлыктардын лауреаты. Анын атактуу чыгармаларынын бири - СССРдеги репрессиялар тууралуу темир көшөгөнүн артында тартылган биринчи фильм "Менин балдарымдын күндөлүктөрү" тасмасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: